Баткенде "Салттуу музыка жумалыгы" башталат

Кыргызстандык өнөрпоздор тартуулаган концерттердин бири. Иллюстрация.

Баткенде бүгүн “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы башталат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышат.

Расмий ачылыш 23-апрелде саат 10:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында болот. Ушул эле күнү Бишкекте “Коомдун руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасында эл аралык илимий конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.

24-апрелде Баткенде саат 11:00- 17:00 чейин “Айтуучулук күнү” (манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр багыты);
24- апрелде 10:00-13:00 чейин – “Аспапчылык” багыт (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз); 14:00-17:30 чейин - “Аваздык- аспапчылык” багыт (ашыктык, романс ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу); 17:30- 19:00гө чейин аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча талкуу болот.

Бул күндөрү балдардын музыкалык, искусство мектептеринде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда “Салттуу музыка жумалыгына” карата атайын иш-чаралар да өткөрүлөт.

25-апрелде Баткен шаарынын борбордук аянтында улуттук кийимдердин парады, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүп, фестиваль гала-концерт менен аяктайт.

Иш-чара салттуу оозеки музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу, коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө, алардын маданиятын таануу максатында уюштурулууда. (NT)

Дагы караңыз

Муфтият: Кадыр түн 9-майда белгиленетСот Гүлзат Аалиеванын бөгөт чарасын карайтЕККУ жыйынында Кыргызстандын Баш мыйзамы талкууландыКыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат