Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Сот Гүлзат Аалиеванын бөгөт чарасын карайт


Гүлзат Аалиеванын парламенттин алдына чогулган тарапташтары. 22-апрель, 2021-жыл. Бишкек.
Гүлзат Аалиеванын парламенттин алдына чогулган тарапташтары. 22-апрель, 2021-жыл. Бишкек.

Диний кастыкты козуткан деген шек менен камакка алынган окутуучу Гүлзат Аалиеванын бөгөт чарасы 23-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Бул тууралуу анын бир тууганы Нурзат Аалиева "Азаттыкка" билдирди.

Аалиеванын адвокаттары да сот саат 10го белгиленгенин ырасташты.

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 21-апрелде милицияга күбө катары суракка чакырылып, камалган.

Милиция ага каршы февралда арыз түшкөнүн, анын негизинде Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") менен шек саналып, кармалганын маалымдады.

48 жаштагы Гүлзат Аалиева учурда Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берет. Ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчысы болуп иштеген. Ал интернетте ислам динин кармангандарга карата кескин сын-пикирлери менен таанымал.

Гүлзат Аалиеваны адвокат Аида Абдрахманова соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп, диний кастыкты козутуп жатат деген негизде сотко бергени белгилүү болду.

Даттанган тарап Аалиева трайбалисттик мазмундагы пикирлери, ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акаарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

22-апрелде анын тарапташтары Жогорку Кеңештин алдына чыгып, камактан бошотууну, эркин ой билдирүү укугун чектебөөнү талап кылышты. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG