Аба ырайы: Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө үшүк жүрөт

24-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө -2...-4 градус үшүк жүрөт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,

Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 9...14,

Бийик тоолуу райондунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3°.

Бишкек шаарында түнкүсүн 0...2, күндүз 18...20°. Жаан-чачын болбойт.

Дагы караңыз

"Кемпир-Абад": Өзгөндө жер алмашууга каршы мөөнөтсүз акция улануудаБаткенден Өзбекстанга беш элик жүктөп бараткан жаран колго түштүCOVID-19: "Спутник V" вакцинасын жашы 65тен өткөндөр алатМарипов: биометрикалык жалпы жарандык паспорт 3-майдан берилет