Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Марипов: биометрикалык жалпы жарандык паспорт 3-майдан берилет


Жаңы үлгүдөгү паспорт.
Жаңы үлгүдөгү паспорт.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 3-майдан тарта биометрикалык жалпы жарандык паспорттор бериле баштарын айтты. 23-апрелде "Фейсбукта" түз эфирге чыкканда паспорт кризисине байланыштуу маселе чечилгенин билдирди.

Жалпы жарандык паспорттун жаңыланган биометрикалык үлгүсү Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Кийин ал апрелге жылган. Бирок убагында ишке ашпай, соңку күндөрү коомчулукта кескин сын-пикир күчөгөн.

Паспорт берүү планы айтылган учурда ишке ашпай жатканы үчүн 9-мартта өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду иштен алган.

Жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча тендерди Германиянын «Мюльбауэр» (Mühlbauer ID Services GmbH) компаниясы утуп алган. Бирок принтерлерге байланыштуу техникалык себептерден улам жаңы бланктардын Кыргызстанга келиши кечеңдеп жатканы айтылган.

Мурда жалпы жарандык паспорт биометрикалык үлгүдө болгон эмес. Дүйнөнүн бир катар мамлекеттери биометрикалык документи бар чет элдиктерге гана өлкөгө кирүүгө уруксат берет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG