Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Баткенден Өзбекстанга беш элик жүктөп бараткан жаран колго түштү


Чек ара кызматы тирүү эликтерди жүктөп бараткан жаран кармады.
Чек ара кызматы тирүү эликтерди жүктөп бараткан жаран кармады.

Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек арадан беш баш эликти машинесине салып бара жаткан жаранды кармады. Алардын төртөөнүн мүйүзү арааланганы белгилүү болду.

Териштирүү учурунда айдоочу эликтерди Өзбекстанга алып бара жатканы аныкталган жана жаныбарлардын тийиштүү документтери болгон эмес.

Бул фактыны тийиштүү органдар иликтеп жатат. Ошондой эле жаратылышка келтирилген зыян эсептелүүдө.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин эсебинде Кыргызстанда төрт миңдин тегерегинде элик бар. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Аптанын башында Ошто үч илбирстин терисин мыйзамсыз соодалап, 4500 АКШ долларына сатууну көздөгөн адам кармалган.

Андар мурдараак Базар-Коргон районунан жаңы союлган аюунун терисин баштыкка салып келе жаткан адам колго түшкөн. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG