Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:50

"Кемпир-Абад": Өзгөндө жер алмашууга каршы мөөнөтсүз акция уланууда


Нааразылык акциясы учуру. 23-апрель, 2021-жыл.

Ош облсуна караштуу Өзгөн районунда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы чыккандардын мөөнөтсүз акциясы уланууда.

Аталган райондогу Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде нааразылыкка чыгып, үч боз үй тигишкен. Алар мөөнөтсүз акция башташканын жарыялашкан.

Жергиликтүү тургундар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышууда.

17-19-апрель күндөрү Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөдө чогулуп, боз үй тигишкен.

Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

Жер алмашуу аракети быйыл март айында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болгон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG