Глобалдык эмдөө жана иммунизация альянсы, Бириккен улуттар уюмунун балдарды коргоо программасы (ЮНИСЕФ) Кыргызстанга вакциналарды ташуу үчүн сегиз авторефрижератор берет.
Машинеде ташууга ыңгайлашкан муздаткычтар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 26-апрелде тапшырылат.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.
Премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде калкты жапырт эмдөөгө чакырып, май айында "AstraZeneca" вакцинасы келерин билдирген.
Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова "Азаттыкка" аймактарга коронавирустун вакцинасын алып баруу атайын муздаткычтар келгенден кийин башталарын айткан.
25-апрелге карата 16 миңге чукул кыргызстандык COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. (BCh)
Дагы караңыз
Эл Баатыры келбес жайга кеттиАрмениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетти"Кемпир-Абад": Ташкентте кол коюлган протокол өзгөрөтТашиев: Кыргызстан "Кемпир-Абадды" Өзбекстанга өткөрүп бербейт