Чек арадагы кагылыштан оор жараат алган 49 киши Бишкекке которулду

Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстандын Баткен облусунда Тажикстандын аткылоосунан оор жараат алган 49 киши Бишкектеги ооруканаларга которулду.

Анын үчөөнүн абалы өтө оор. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 1-майдагы брифингде билдиргендей, алар октон жаракат алышкан, мээлери чайкалган, дене мүчөлөрү сынган.

Солтонбекова Баткендин Лейлек районуна барчу автожол тосулуп калгандыктан, ал жакка машине менен гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты. Жүктү учак менен жеткирүү гана мүмкүн экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев Баткенде жүрөт.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун билдиришүүдө.

Дагы караңыз

Жапаров жана Рахмон чек арадагы абалды талкуулаштыЛейлекке жөнөтүлгөн гумжардам артка кайтууда, тургундар жөө калганын айтып жатышатКоронавирус бир күндө сегиз бейтаптын өмүрүн алды, 477 кишиден табылдыЧек ара: эксперттер байкаган табышмактуу жагдайларБаткен: Чек арадагы кагылыштын курмандыктары 33кө, жаракат алгандар 163кө жетти