"Кыргыз темир жолунун" экс-директору Дашков үй камагына алынды

Василий Дашков.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагына алынды. Бул тууралуу анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Башкы прокуратуранын улук прокурорунун өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту кабыл алган. Дашков эмненин негизинде кармалып, бөгөт чарасы аныкталганы тууралуу маалымат айтылган жок. Ал 18-июлга чейин үй камагында болот.

18-майда Василий Дашковду Улуттук коопсуздук комитети "коррупция" боюнча суракка чакырып, камакка алганы тууралуу маалымат тараган. УКМКнын маалымат кызматы Дашковдун кармалганы тууралуу маалыматты четке каккан.

Василий Дашков 25-мартта премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башкы директорлугунан бошотулган. (МТа)

Дагы караңыз

Бишкекте Зайырбек Ажыматовду эскерүү иш-чарасы өттүУКМК чек ара тууралуу так эмес маалымат таратпоого чакырдыАкылбек Жапаров: «Кумтөргө» байланыштуу экология боюнча сотко далилибиз жетиштүү"Радио Свобода" Адам укуктары боюнча Европа сотуна арызданды