Жапаров: ЕАЭБ күчүн экономиканы калыбына келтирүүгө жумшаш керек

Кыргызстан. Бишкек. Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео конференция форматындагы кезектеги жыйынына катышууда.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видео конференция форматындагы кезектеги жыйынына катышты.

Мамлекет башчысы күчтү пандемиянын кесепеттерин азайтууга жана биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасын калыбына келтирүүгө жумшоого чакырды.

Президент коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн жана туруктуулукту сактоонун алкагында, биринчиден, Бирликтин бардык жарандары үчүн вакциналардын кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын айткан.

Президент ЕАЭБдин жалпы энергетикалык потенциалын арттыруу керек экенин белгилеп, бирликтин географиялык жайгашуусунун дараметин регионалдык гана эмес, Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттарында көпүрө болуу мүмкүнчүлүгүнө жеткирүү керектигин белгиледи. (МТа)

Дагы караңыз

“Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам үчүн кол топтоо улантыла баштады Мелис Аспеков №1 тергөө абагына эки айга камалдыСатылмай болгон маммүлктүн санагыИзраил менен Палестинада миңдеген адам жеңишти майрамдап жатат