Баткенде аткезчиликке каршы ыкчам топтор түзүлдү

Баткендеги аткезчиликке каршы түзүлгөн мобилдик топ жана жергиликтүү бийликтин жетекчилери.

Баткенде аткезчиликке каршы ыкчам топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу 21-майда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, күч түзүмдөрүнүн, бажы, салык кызматкерлеринен куралган төрт мындай топ Лейлек районунун Кулунду, Арка, Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак өңдүү аткезчилик тобокелчилиги жогору аймактарга жөнөп кеткен.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү талабы көбөйдү. (МТа)

Дагы караңыз

Путин менен Жапаров кыргыз-тажик чек арасын да талкуулайтНарын: "йакын инкарчы” диний ишениминен баш тарттыМелис Аспеков №1 тергөө абагына эки айга камалды"Кырк уруу, жети дубан ынтымагынын" үч мүчөсү камалды