Вакцина чырына байланыштуу Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы иштен кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы Нурлан Галбаев вакцина чырына байланыштуу иштен кетти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиришинче Галбаев коронавируска каршы вакцинанын миңге жакын дозасынын жарактан чыгышына жоопкер болгон.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде вакцина сакталган муздаткыч өчүп калган. Мунун айынан Орусиядан келген "Спутник V" вакцинасынын миңге жакын дозасы жарабай калган. Буга байланыштуу министрликте атайын комиссия түзүлүп, иштин жагдайын 20 күн иликтеген.

“Азыр вакцина алтындан да кымбат болуп турат. Башкы врачтын шалаакылыгы болбогондо биз 1000ге жакын кишини эмдеп, вирустун жайылышын бир аз да болсо ооздуктайт элек. Комиссия башкы врачты иштен кетирип, зыяндын ордун толтурсун деген чечим чыгарды. Бул ишти азыр прокуратура иликтеп жатат”, - деди Бейшеналиев.

Бирок "Кактус медиа" маалымат сайты байланышканда Нурлан Галбаев бул ишке тиешеси жоктугун, министрлик менен соттошууга аргасыз экенин айткан.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө март айынын соңунда башталган. "Спутник V" вакцинасынан 20 миң, Кытайдын "Sinopharm" вакцинасынан 75 миң доза келген.

Расмий маалыматка караганда Кыргызстанда коронавирустан 1743 киши каза болду. Илдет жугузгандардын саны 102 миңден ашты. Анын 95 446сы сакайды. (MiK)

Дагы караңыз

Жол кырсыгына катышкан депутаттын уулунун иши токтотулдуАба ырайы: күн ысыйтКыргызстандагы бардык райондун акимдери ротация болдуНазарбаев "ЕАЭБдин тыгыз интеграциясын" каалабаган күчтөр бар экенин айттыКоронавирустан дагы сегиз киши каза болдуБишкекте Тажикстандагы жарандык согушту чагылдырган спектакль болотЭл аралык комитет: Токиодогу Олимпиада жылдырылбайт