Кыргызстандын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги өкүлү дайындалды

Алмазбек Бейшеналиев.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бейшеналиев 40 жашта. Ал 2017-2018-жылдары Өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган.

2020-жылы октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

2016-жылдан бери Кыргызстандын БУУдагы Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү Данияр Мукашев болчу.

Ал ошол эле жылы Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыгайрым укуктуу элчиси болуп дайындалган. (МТа)

Дагы караңыз

Бабанов Кумтөр иши тууралуу: бул толук аша чапкандык, абсурд (видео)Садыр Жапаров шайлоого мыйзамсыз таасир этүүгө жол берилбесин эскертти““Гүлен фактору” кыргыз-түрк алакасына таасир этпейт"Келечектин кесибин кантип тандоо керек?