Архитектура агенттигинин жетекчиси алмашты

Өкмөт үйү

Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 8-июнда кол койду.

40 жаштагы Калманбетов быйыл апрель айында транспорт, курулуш, архитектура жана комуникация министринин орун басары болуп дайындалган.

5-майда жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Транспорт министрлигинен бөлүнүп, өзүнчө түзүлгөн. (МТа)

Дагы караңыз

Казакстан аскердик жардамдын чоо-жайын түшүндүрдүАлматы: Шинжаң саясатына каршы чыккандар жазаландыЭнергетика жана өнөр жай министри Турдубаев кызматтан бошотулдуНур-Султандын аскердик жардамы талкууга түштү