COVID-19: Ооругандар, курмандыктар расмий эсептен көппү?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканы расмий жарыяланды. Соңку бир сутка ичинде вирус расмий аныкталгандардын эсеби 700дөн ашып, акыркы сегиз айдан берки эң жогорку көрсөткүч болду. Пандемия башталган бир жыл ичинде илдеттин курмандыктары 1 916​га жетти. Адистер чынында ооругандар жана каза болгондор мындан көп экенин айтып келе жатышат. "Эксперттер талдайт" программасында ушул маселе талданды.