Раисини алгачкылардын болуп Путин менен Эрдоган куттуктады

Ибрагим Раиси

Ирандын шайланган президенти Ибрагим Раисини алгачкылардан болуп Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана Орусия президенти Владимир Путин куттукташты.

Эрдоган Анкара менен Тегерандын жогорку деңгээлдеги кызматташтыгынын алкагында Иранга кубануу менен сапар жасай турганын айтты.

Путин куттуктоо телераммасында эл аралык иштерде Москва менен Тегерандын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө басым жасады.

Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышып, Ибрагим Раиси жеңди.

60 жаштагы Раиси ашынган диниятчы катары белгилүү. Ал 1988-жылы миңдеген саясий туткундарды өлүм жазасына кескен сот жараяндарын тескегендердин бири болгон. Укук коргоочулар Раиси адамзатка каршы кылмыштарга жоопкер деп эсептешет.

Дагы караңыз

Шайлоону утурлай биометрикалык маалыматтар чогултула баштады Жарандык коом маалымат мыйзамын четке кагууга чакырдыГрузиянын министри Бишкек-Батуми авиакаттамы ачыларын билдирдиТокиодо Олимпиада объектилерине экскурсия кылууга тыюу салынды Коронавирус бир суткада дагы 730 адамдан аныкталды