Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Ирандагы президенттик шайлоодо Ибрагим Раиси жеңди


Ибрагим Раиси
Ибрагим Раиси

Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо Ибрагим Раиси жеңди. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, добуш бергендердин 62% аны колдогонун мамлекеттик ИРНА агенттиги кабарлады.

60 жаштагы Раиси ашынган диниятчы катары белгилүү. Ал 1988-жылы миңдеген саясий туткундарды өлүм жазасына кескен сот жараяндарын тескегендердин бири болгон. Укук коргоочулар Раиси адамзатка каршы кылмыштарга жоопкер деп эсептешет.

Мамлекет башчылыкка төрт талапкер ат салышты. Башында расмий каттоого алынган жети талапкердин үчөө шайлоого аз калганда жарыштан чыгып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG