Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Эксперттер Кыргызстанда коронавирус кескин курчуй турганын эскертишти


Кыргызстанда июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн. Көз карандысыз эксперттер тобу ушундай тыянак чыгарышты.

Бул топ 2020-жылы Оксфорд университетинин окумуштуулары менен чогуу Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, июлда көптөгөн киши оорунун курмандыгы болорун божомолдошкон. Алардын божомолу тастыкталган эле.

Алдын ала тыянакка ылайык, алдыдагы эки апта ичинде оору жуккандардын саны күнүгө 1500ге чейин жетиши ыктымал.

Оорунун жайылышын изилдеген көз карандысыз эксперттердин арасында "Сорос Кыргызстан" фондунун саламаттык сактоо боюнча координатору Айбек Мукамбетов, СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова сыяктуу адистер бар.

19-июнда Кыргызстанда 870 кишиден коронавирус аныкталды. Июндун экинчи аптасынан тартып илдет жуккандар күнүгө 500-700дүн тегерегинде болуп келди. Соңку 20 күндө эле жүздөн ашуун бейтап көз жумду.

Оорунун жайылышына карата Бишкекте жана аймактарда коомдук жайларга жарым-жартылай чектөөлөр коюлуп, өкмөт элди этият болууга чакырууда. Жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган. 19-июнга карата 92 миңден ашуун адам эмделди.(SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG