Нарын: Уланбек Эгизбаев атындагы стипендияны жалаң кыздар алды

Уланбек Эгизбаев атындагы стипендиянын жеңүүчүлөрү, 2021

23-июнда Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия тапшырылды.

Стипендия Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинен эң көп упай алган бүтүрүүчүлөр Астра Бактыбек кызы, (1-орун - 94 балл) Айсулуу Баталиева, (2-орун - 90 балл) Калыя Тыналиевага (3-орун - 87 балл) берилди.

Уланбек Эгизбаев атындагы алгачкы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты үч бүтүрүүчүсүнө 2019-жылы ыйгарылган. Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.

"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (TSh)

Дагы караңыз

Дзюдочу Владимир Золоев Олимп оюндарына жолдомо алдыСадыр Жапаров ишкерлердин убарасын көбөйткөн чиновниктерди сындадыДүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыктыЖапаров УКМКга караштуу кызматты жоётСайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен алындыМинистрлер кабинети ишкерлерге 50 бизнес-долбоор сунуштады