Коронавирус дагы 822 кишиге жукту, беш бейтап көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда соңку бир суткада дагы 822 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Дагы беш бейтап көз жумганын COVID-19га каршы Республикалык штаб 24-июнда кабарлады.

Ооруканада жаткан 2600дөн көбүрөөк адамдын 120сынын абалы өтө оор, 800дөн көбү оор абалда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 24-июнда 118 106 кишиге жетти. Алардын 107 миңге жакыны айыгып, 1 958и каза болду.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө жүздөгөн адамга оору жугуп жатат. Вируска чалдыккандардын теңинен көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда. Адистер аймактарда да абал дурус эместигин белгилешүүдө.

Өлкөдө вакцина алгандардын саны 92 минден көбүрөөк. Кыргызстандыктарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайылууда. Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун жер жүзүндө коронавирус жуккандардын саны 180 миллионго жакындап калганын билдирди. Эки миллиардан көп адам эмделди. (SE)

Дагы караңыз

COVID-19: Министрлер кабинети чукул жыйынга чогулатОктябрь окуялары: сурактан чыккан суроо Евро-2020: Тайпалык оюндар жыйынтыкталдыАлтыбаева: Депутаттар июлда дагы ишин улантатБишкекте азык-түлүк бир айда дээрлик 23% кымбаттады