Кылмышты жашырууга аракет кылган милиция кызматкери кармалды

Кылмышка шектүү. (УКМК тараткан сүрөт) 25.06.2021

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жалал-Абаддын Кара-Көл шаардык милициясынын тергөөчүсүн пара талап кылууга шектеп кармады.

Маалыматка ылайык, тергөөчү кылмышка шектүү адамдар менен сүйлөшүп алып, ишти жабуу максатында 40 миң сом сураган.

Бул фактs Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. (MiK)

Дагы караңыз

COVID-19: Кыргызстан Жапониядан вакцина сурадыЛейлек: Элдик кошуун тажикстандык аялдарды өткөрбөй койдуОрусияда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстүКоронавирус жуккан Бейшеналиев министрликке келип иштеп жататЕвробиримдик Путин менен саммит өткөрүү демилгесин колдогон жок Султанбеков Акылбек Жапаровдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды