Зулушев: Кодекстерди жаңылаган жумушчу топ айлык албай иштеди

Курманкул Зулушев

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстеринин жаңы редакциясы биринчи окуудан каралып жатат. Мыйзам долбоорун парламентте башкы прокурор Курманкул Зулушев тааныштырды.

“Жумушчу топ үч ай бою тынымсыз иштеди. Алар бир тыйын айлык алышкан жок. Эксперттер “сот системасы, укук коргоо органдары иштей албай калды, мамлекеттин келечеги үчүн иштейли” деген адамдар экен. Кодекстердин жаңы редакциясын кесипкөй адистер жазды”.

Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан.

2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришкен. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат.

Зулушев 28-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында 2019-жылы ишке кирген кодекстерди иштеп чыгууга жалпы 33 млн. евро кеткенин маалымдаган. (MiK)

Дагы караңыз

Соңку суткада коронавирус эки миңдей кишиден табылдыОш шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы алмаштыТИМ мигранттарга онлайн жардам берген порталды ишке киргиздиЖалган маалымат мыйзам долбооруна каршы митинг башталдыБаткенди өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгууга жумушчу топтор түзүлдүОшто мыйзамсыз курал сактоо боюнча эки факты аныкталды