Бишкек шайлоо комиссиясынын төрагасы алмашты

Шайлоо тилкесинде добуш берип жаткан аял. Бишкек. 11-апрель, 2021-жыл.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагалыгына Айбек Стамов, катчылыгына Бахадыр Конуров шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, мындай чечим 2-июль күнү АШКнын жыйынында кабыл алынды.

Бишкек АШКнын мурунку төрагасы Кайрат Маматов БШКнын мүчөсү болуп шайланган.

Боршайкомдун жаңы курамы 30-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт.

Кайрат Маматов "Республика - Ата Журт" фракциясынан сунушталган.(ZKo)

Дагы караңыз

Литва мигранттардын агымынан улам өзгөчө кырдаал жарыяладыПентагон: "Баграм" аскер базасын өткөрүп берүү маанилүү окуя болгон"Бийлик атаандаштарына басым кылууда"Өзбекстан “Twitter”, “TikTok” жана “ВКонтакте” ишин чектедиКалининградда мигранттарга таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салындыCOVID-19: Акыркы суткада сегиз киши каза таптыОшто партиялардын шайлоого даярдыгы солгунБелгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариев дүйнөдөн кайтты