Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан чек араны талкуулады

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары Фергана шаарында жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты. Сүйлөшүүдө үч мамлекеттин чек ара сызыктарын аныктоо боюнча сунуштар берилди.
Аягында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы үч тараптын сүйлөшүүсү достук, ынтымак маанайында өткөнүн 3-июлда маалымдады. Ага ылайык, өкмөттүк делегациялардын кийинки сүйлөшүүсү Кыргызстанда өтөт.

Бирок Фергана шаарындагы сүйлөшүүлөрдүн жана Кыргызстанда өтүүчү жолугушуунун даталары ачыкталган эмес.(ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылуудаАзербайжан туткундагы армян аскерлерин мина карталарына алмаштыТажикстанга качып өткөн ооган аскерлери 300дөн ашты“Реформа” партиясы “Биздин Кыргызстанга” каршы арыз менен кайрылдыПарламент БШКнын мүчөлөрүн шашылыш бекиттиОшто жоголгон эки жашар кызды уурдоого шектүү кармалды"Реформа" партиясы "Келечек-Будущее" партиясын жоопко тартууну талап кылуудаКара-Кулжада селден 11 турак жай жабыркады