Татарстандагы фестивалга кыргызстандык эки тасма катышат

XVII эл аралык мусулман тасмаларынын фестивалы.

Кыргызстандык режиссерлордун эки кыска метраждуу тасмасы Татарстанда өтүүчү XVII эл аралык мусулман тасмаларынын фестивалына катышат.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Режиссер Айпери Усманованын «Кыз бала» жана Лунара Жээнбекованын «Эгиздер тогуздан кийин» аттуу кыска метраждуу тасмаларында өлкөдөгү социалдык абалга чырмалышкан адам тагдырлары көрсөтүлөт.

"Кыз бала" тасмасынын каарманы - айылда чоң ата, чоң энеси менен жашаган алты жаштагы Ажар аттуу кыз. Сюжетте аны алдыда кыйын күндөр күтүп турганы баяндалат.

Режиссер Айпери Усманованын "Кыз бала" тасмасы.

Ал эми "Тогуздан кийинки эгиздер" тасмасында режиссер өлкөнүн алыскы аймагында жашаган көп балалуу үй-бүлөнүн турмушун чагылдырган.

Режиссер Лунара Жээнбекованын "Эгиздер тогуздан кийин" тасмасы.

XVII эл аралык мусулман тасмаларынын фестивалы 2021-жылдын 5-10-сентябрында Татарстандын борбору Казань шаарында өтөт. (MZh)

Дагы караңыз

Маматалиев: Административдик ресурсту колдонуу уланып жататHRW Орхан Инанды боюнча билдирүү таратты Евро-2020: Италия финалга чыкты