Pussy Riot тобунун мүчөсү Анна Кузьминых кармалды

Москва соту Pussy Riot тобунун мүчөсү, активист Анна Кузьминыхты кармады. Бул тууралуу активист "Медиазона" басылмасына кабарлаган. Маалыматка ылайык, Кузьминых эмне негиз менен кармалганы белгисиз.

Активист 1-июлда тергөө абагынан бошотулган. Анда милиция суракка "өз убагында келбей койду" деген негизде 15 суткага камаган.

Соңку апталарда Pussy Riot тобунун башка мүчөлөрү да кармалды. Люся Штейн, Мария Алехина жана Вероника Никульшина "милициянын буйругуна баш ийген жок" деп кармалса, Александр Сафеев "майда бейбаштык" үчүн 15 суткага камалган.

Дагы караңыз

Адвокат: Орхан Инанды менен жолуга албай жатамКумтөр боюнча Акаев, Бакиев жана башкаларга айып тагылдыБаткен: чек арадагы атышууда бир кыргызстандык жоокер курман болду Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч