Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Pussy Riot тобунун мүчөсү он беш күнгө камалды


Вероника Никульшина.
Вероника Никульшина.

Москва соту Pussy Riot тобунун мүчөсү, активист Вероника Никульшинаны 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 2-июлда кечинде Москвада "коомдук тартипти бузган" жана "полициянын буйругуна баш ийген эмес" деген айып менен кармалган.

Бирок аны менен бирге болгон Роман Дуров Москванын чеке белиндеги дачалардын биринде эс алып жатканда милиция кызматкерлери келип, эч себепсиз Никульшинаны кармап кеткенин билдирди. Никульшина дал ушундай эле айыптар боюнча жазасын өтөп, 1-июлда тергөө абагынан бошотулган. Анда милиция суракка "өз убагында келбей койду" деген негиз менен 15 суткага камаган.

Никульшина 2018-жылы футбол чемпионатында "Лужники" стадионуна полициянын формасын кийип чуркап чыккан Pussy Riot тобунун төрт мүчөсүнүн бири. Анда алар бул перформанс менен саясий туткундарды бошотууну талап кылуу максатын көздөгөнүн айтышкан.

Соңку апталарда Pussy Riot тобунун башка мүчөлөрү да кармалды. Люся Штейн, Мария Алехина жана Анна Кузьминых "милициянын буйругуна баш ийген жок" деп кармалса, Александр Сафеев "майда бейбаштык" үчүн 15 суткага камалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG