Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Иран: Бушердеги АЭСтин иши жанданды


АЭСтеги жумушчу
АЭСтеги жумушчу

Иран Бушердеги Атомдук электростанциянын ишин калыбына келтирди. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары жазды. 20-июнда техникалык авариядан улам электрстанциянын иши үзгүлтүккө учураган. Өлкө бийлиги АЭСтеги генератор "техникалык себептен улам иштен чыкканын" кабарлаган.

АЭСтин директору Махмуд Жафари 1000 мегаваттык объектиде иштен чыккан жабдыктар оңдолуп, электр энергия өндүрүлө баштаганын билдирди.

Жафари өлкө жарандарына кайрылып, электрстанциясы ишин толугу менен калыбына келтиргенче жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Бушердеги АЭСте болгон авариядан кабардар экенин билдирип, бирок комментарий берүүдөн баш тартты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG