Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч


Кыргыз-тажик чек арасындагы Достук айылы. Баткен району, Баткен облусу. Июнь, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Достук айылы. Баткен району, Баткен облусу. Июнь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы бүгүн, 9-июлда “Азаттыкка” билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу боюнча эки тараптан териштирүү жүрүп жатканын, кошумча маалымат болорун кабарлоодо.

Анда эки тараптан тең жоготуулар болгону кабарланган. Чек ара кызматы Кыргызстандан бир аскер кызматкери каза болгонун расмий билдирди.

“Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат”.

Окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери жүрөт. Алар тажикстандык күч кызматтары менен чогуу 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагындагы эки өлкөнүн чек арачыларынын куралдуу жаңжалын териштирүүнү улантат.

Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү Абдикарим Алимбаев
окуяны Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин билдирди.

Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз берген деп жазды. Кыргыз тарап жаңжалга тажик чек арачылары себепкер болгонун маалымдоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG