Молдовада кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат

Молдовада парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Молдовада 11-июлда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага бул ирет 20 партия жана блок катышууда.

Алардын арасынан президент Майя Санду негиздеген европачыл "Аракет жана тилектешик партиясы" менен орусиячыл "Коммунисттердин жана социалисттердин блогу" башкы атаандаштар болору айтылууда.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, алардын ар бири добуштардын 37% алышы мүмкүн. Айрым сурамжылоолор "Аракет жана тилектешик партиясы" алдыга чыгарын көрсөтүүдө. Бул партиянын жеңиши Сандуга мамлекетти европалык интеграция жолуна алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзмөк. Ал эми мурдагы президент Игорь Додондун колдоосуна ээ блоктун жеңиши Сандунун реформалар программасын жокко чыгарып салышы ыктымал.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында парламентке 101 депутат төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо пропорционалдык система аркылуу өтөт, тактап айтканда, депутаттар партиялык тизме аркылуу тандалат. 2019-жылгы чейин аралаш система аркылуу өтчү. Бирок мындай добуш берүү өлкөдөн олигарх Владимир Плахотнюк качып кеткенден кийин жокко чыгарылган.

Дагы караңыз

"Эрөөл": адам менен ажалдын күрөшү“Жалпы иш” Бишкек менен Ошто шайлоодо 22 мыйзам бузуу каттадыКыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет ӨКМ: эки жол кырсыгынан төрт киши мүрт кеттиИИМ: Бишкекте добуш сатып алуу фактылары териштирилип жатат