Олимп оюндарын көрсөтүү үчүн Кыргызстанда жаңы телеканал ачылды

Жапония. Токиодогу Күнжеле көпүрөсүнө орнотулган Олимпиада шакекчелери.

Токио Олимпиадасын толук көрсөтүү үчүн Коомдук телерадикорпорациясы (КТРК) "Акнет" компаниясы менен дагы бир жаңы телеканал ачты. Ал КТРК-Спорт-2 деп аталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" КТРК-Спорт каналынын продюсери Шайырбек Арапов билдирди.

"Эл аралык спорт мелдешин Кыргызстандын аймагында көрсөтүү лицензиясын КТРК жана "Акнет" компаниясы алган. Кыргызстандык спортчулар катышкан мелдештерди толугу менен чагылдыруу максатында жаңы телеканал кошулду. Биздин мекендештер КТРК-Спорт жана КТРК-Спорт-2 каналдарынан каалаган оюндарын тандап көрсө болот.

23-июлда Жапониянын баш калаасында XXXII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи болот. Иш-чара Бишкек убактысы менен саат 17:00дө башталат.

Коронавирус пандемиясынан улам ачылыш аземи бир катар чектөөлөр менен өтүп, салтанатка аз сандагы спортчулар катышат. Кыргызстандын желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Жабылуу аземи 8-августта болот.

Олимпиадага дүйнөнүн 200дөн ашуун мамлекетинен 12 миңден көбүрөөк спортчу катышууда. Кыргызстандан 16 спортчу бар. Алар 24-июлдан тарта күч сынаша баштайт.

Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар:

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Роман Петров, Бакдөөлөт Расулбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов.

Дагы караңыз

Токио-2020: Кыргызстандын курамы жана дымагыТокио-2020: Борбор Азия өлкөлөрүнүн курамы кандай?Олимпиададан ким алтын менен кайтат?Олимпиадага жол: стереотипти талкалаган Каныкей COVID-19: чочулоо менен коштолгон Олимп оюндары