Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Токио-2020: Борбор Азия өлкөлөрүнүн курамы кандай?


Сомон Махмадбеков (Тажикстан), Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан), Василий Левит (Казакстан), Кристина Шерматова (Түркмөнстан), Шахобиддин Зоиров (Өзбекстан).
Сомон Махмадбеков (Тажикстан), Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан), Василий Левит (Казакстан), Кристина Шерматова (Түркмөнстан), Шахобиддин Зоиров (Өзбекстан).

Борбор Азиядан 201 спортчу (Казакстан - 95, Өзбекстан - 71, Кыргызстан - 16, Тажикстан - 10, Түркмөнстан - 9) Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына катышат.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталат. Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Бирок эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам кийинки жылга жылдырган.

Ошентип 67 жылдан кийин Олимп оюндары Токиого кайтып келди. Көпчүлүк жапондор вирустан улам катуу тынчсызданууда. Уюштуруучулар оюндар жогорку деңгээлде, бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өтөт деп ишендирүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган олимпиадачылар тууралуу кыскача айтып беребиз.

Казакстан: алтын медал утканга 250 миң доллар сыйлык

Казакстандык спортчулар Токиого учуп келди. 17-июль, 2021-жыл.
Казакстандык спортчулар Токиого учуп келди. 17-июль, 2021-жыл.

Казакстандын улуттук олимпиада комитетинин маалыматына таянсак, Жапонияга 95 спортчу аттанды. Олимпиада программасына кирген оюндардын эки түрү боюнча казакстандыктар биринчи жолу катышууда. Алар - аскага чыгуу жана каратэ. Аскага чыгуу боюнча Ришат Хайбуллин, ал эми карате боюнча беш спортчу бар: Дархан Асадилов, Нурканат Ажиканов, Данияр Юлдашев жана кыздар арасында Мөлтүр Жанбырбай менен Софья Берульцева.

Казакстан командасындагы лидерлердин бири - жеңил атлетчи Ольга Рыпакова. Ал үчүн бул карьерасындагы төртүнчү Олимпиада.

Казакстандын сууда ойнолуучу поло боюнча курама командасы 18 жылдык тыныгуудан кийин гана жолдомо утту.

Камшыбек Кункабаев башында турган казакстандык тогуз боксчу атаандаштарынын сесин алып турат. Алар сегиз салмак категориясындагы бардык лицензияларды утуп алган эле.

Гимнаст Милад Карими квалификациялык айлампаны эң мыкты өткөрдү. Ал жети лицензия утуп алды. Сууда сүзүү боюнча олимпиада чемпиону Дмитрий Баландин үч лицензия алган. Фехтованиядан Руслан Курбанов катышат. Афиныдагы оюндардан (2004-жыл) бери Казакстандын атынан велоспорт боюнча командалык оюнга үч спортчу мөөрөй талашат. Команданын лидери Алексей Луценко тандоо оюндарында чоң салым кошту.

Үч казакстандык спортчу жаа атуу боюнча командалык беттешке катышат. 20 жылдан бери Казакстан командалык беттешке жолдомо утпай келген.

Казак балбандарында күрөштүн түрлөрү боюнча 11 лицензия бар. Жеңил атлеттердин лицензиясы дагы 11, ал эми теннисчилер жети, кайык жарышы жана каноэ боюнча олимпиадага алты жолдомо утушкан.

Елдос Сметов баштаган дзюдочулар рейтинг үчүн мелдештерден алты лицензия утуп алышкан. Сметов Рио-де-Жанейродогу (2016-жыл) Олимпиаданын күмүш медалын уткан тажрыйбалуу спортчу.

Стол тенниси, таэквондо боюнча дагы казак спортчулары беттештерди өткөрөт. Адатта Казакстан жайкы Олимп оюндарына жүздөн ашуун лицензия утуп келген. Казак бийлиги спорттук жетишкендиктерди дүйнөлүк аренадагы өлкөнүн имиджин көтөрүү, таанытуу катары карайт.

“Биз спортчулардын психологиясына таасири тийбесин деп, алдынала божомолдорду бөлүшпөйлү деп чечтик. Бирок биздин үмүтүбүз чоң”,-деди өлкөнүн маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова.

Спортто күйөрмандар, журналисттер дайыма алдынала божомолдорду жасаганды жактырат эмеспи. Бул жолу дагы спортчуларга түрдүүчө баа берилүүдө.

“Мушкер Камшыбек Конкабаев, балбандар Данияр Кайсанов менен Корлан Жаханша күмүш медалга жетиши мүмкүн. Мушкерлер Абильхан Аманкул, Абылайхан Жусупов, Бекзат Нурдаулетов, Василий Левит балким коло утуп алышат. Күрөштөн эки же үч коло, оор жана жеңил атлетикадан дагы үчүнчү орун алышыбыз ыктымал. Велоспортчу Алексей Луценко менен аскага чыгуу спортунан Ришат Хайбуллинде дагы коло алууга мүмкүнчүлүк бар”,-деди спорт журналисти Айдос Рымкул.

Көпчүлүк спорт баяндамачылар 1996-жылдан бери казакстандык мушкерлер Олимпиададан куру кол кайтпаганын белгилеп жатышат.

Казакстанда Олимпиада чемпиону болгон спортчу 250 миң доллар сыйлык алат. Ал эми күмүшкө - 150 миң доллар, колого - 75 миң доллар сыйлык берилет.

25 жыл ичинде (1996-жылдан тарта) Казакстан жайкы Олимпиада оюндарынан жалпысынан 64 медал (15 алтын, 21 күмүш, 28 коло) уткан.

Өзбекстан ишеним арткан боксчулар

2016-жылы Бразилияда өткөн олимпиада оюндарында Шахобидин Зоиров алтын медалды утуп алган.
2016-жылы Бразилияда өткөн олимпиада оюндарында Шахобидин Зоиров алтын медалды утуп алган.

Токио оюндарында өзбекстандык 11 боксчу: Шахобиддин Зоиров (52 кг. салмакта), Миразизбек Мирзахалилов (57 кг), Элнур Абдураимов (63 кг), Бобоусмон Батуров (69 кг), Фанат Кахрамонов (75 кг), Дилшод Рузметов (81 кг), Санжар Турсунов (91 кг), Баходир Жалолов (+91 кг), Турсунай Рахимова (51 кг), Райхона Кодирова (60 кг), Шахноза Юнусова (69 кг) өлкө намысын коргойт.

Шахобиддин Зоиров Олимпиада чемпиону (2016-жыл) болгон биринчи өзбек мушкери. 28 жаштагы Шахобиддин 2019-жылы дүйнө чемпиону болуп, экинчи жолку Олимпиада алтыны үчүн Токиого келди.

Эркин күрөш (4): Гуломжон Абдуллаев (57 кг), Бекзод Абдурахмонов (74 кг), Жавраил Шапиев (86 кг), Магомед Ибрагимов (97 кг).

Грек-рим күрөшү (4): Элмурат Тасмурадов (60 кг), Жалгасбай Бердимуратов (77 кг), Рустам Ассакалов (87 кг), Муминжон Абдуллаев (130 кг).

Таэквондо (4): Улугбек Рашитов (68 кг), Никита Рафалович (80 кг), Нигора Турсункулова (67 кг), Светлана Осипова (+67 кг).

Оор атлетика (4): Адхамжон Эргашев (+67 кг), Акбар Жураев (109 кг), Муаттар Набиева (55 кг), Кумушхон Файзуллаева (76 кг).

Фехтование боюнча (3): Малика Хакимова, Зайнаб Дайибекова, Шерзод Мамутов.

Жеңил атлетика (7): Светлана Радзивил, Сафина Абдуллаева, Сухроб Хужаев, Дарья Резниченко, Роксана Худоёрова, Руслан Курбанов, Екатерина Воронина.

Дзюдо (11): Шарофиддин Лутфиллаев (60 кг), Сардор Нуриллаев (66 кг), Хикматиллох Тураев (73 кг), Шарофиддин Болтабоев (81 кг), Давлат Бобонов (90 кг), Мухаммадкарим Хуррамов (100 кг), Бекмурод Олтибоев (+100 кг), Диёра Келдиёрова (52 кг), Фарангиз Хожиева (63 кг), Гулноза Матниязова (70 кг).

Сууда сүзүү (2): Хуршиджон Турсунов, Юлдуз Кучкарова

Кайыкты калак менен айдоо (гребля, каноэ) (4): Дилноза Рахматова, Нилуфар Зокирова, Дилноза Рахматова.

Кайыкты калак менен айдоо (гребля) эки спортчу: Собир Сафаралиев, Шахбоз Холмирзаев.

Спорттук гимнастика (2): Расулжон Абдурахимов, Оксана Чусовитина.

Көркөм гимнастика (6): Сабина Ташкенбаева, Нулифар Шомуродова, Ксения Александрова, Динара Равшанбекова, Севара Сафоева, Камола Ирназарова

Ок атуу (2 лицензия): Мухтасар Тохирова.

Велоспорт (2): Муроджон Холмуродов, Ольга Забелинская.

Спорттун беш түрү боюнча (2): Александр Савкин, Алисэ Фахрутдинова.

Теннис (1): Денис Истомин.

Өзбекстан эгемендүү болгон жылдардан бери жайкы Олимпиада оюндарынан жалпы 31 медал (7 алтын, 6 күмүш, 18 коло) уткан.

Кыргызстан ишенген балбандар

Токио Олимпиадасына кыргызстандык 16 спортчу катышууда.
Токио Олимпиадасына кыргызстандык 16 спортчу катышууда.

Токио Олимпиадасына кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Спортчулар Олимпиада оюндарында алтын медал утса 10 миллион сом, күмүшкө жетсе 7 миллион сом, коло медалга ээ болсо 5 миллион сом сый акы алат.

Токиого бара жаткан Кыргызстандын улуттук олимпиадалык командасы:

Грек-рим күрөшү:

1. Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
2. Акжол Махмудов - 77 кг;
3. Атабек Азисбеков - 87 кг;
4. Узур Джусупбеков - 97 кг;
Эркин күрөш:
5. Эрназар Акматалиев - 65 кг;
6. Айаал Лазарев - 125 кг;
Кыз-келиндер күрөшү:
7. Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;
8. Мээрим Жуманазарова - 68 кг;
9. Айпери Медет кызы - 76 кг;
Жеңил атлетика:
10. Дарья Маслова - марафон;
11. Нурсултан Кенешбеков - 5000 м.

Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Олимпида оюндарына жолдомо алган жөө күлүк Юлия Андреева эл аралык мелдешке катышуудан баш тартканын билдирген. Дагы бир жөө күлүк Мария Коробицкая Олимп оюндарына катышпайт. Себеби, Коробицкая жолдомо уткан марафондун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Оор атлетика:
12. Бакдоолот Расулбеков - 96 кг;
Дзюдо:

13. Владимир Золоев - 81 кг;

Фехтование:

14. Роман Петров - шпага;

Сууда сүзүү:

15. Денис Петрашов

Ок атуу:

16. Каныкей Кубанычбекова.

Кыргызстан акыркы 25 жыл ичинде өткөн жайкы Олимпиада оюндарынан жалпысы төрт (бир күмүш, үч коло) медал уткан.

Тажикстандын дзюдочулары

Тажикстандык дзюдочулар
Тажикстандык дзюдочулар

Тажикстандан 10 спортчу барат. Дзюдочулар: Сомон Махмадбеков (73 кг. чейин), Акмал Муродов (81 кг), Комроншо Устопириён (90 кг), Темур Рахимов (100 кг). Бокс боюнча: Баходур Усмонов (63 кг), Шаббос Негматуллаев (81 кг), Сиёвуш Зухуров (91 кг. жогору). Жеңил атлеттер: Ильдар Ахмадиев (100 м. чуркоо), сууда сүзүү боюнча Олимджон Ишанов, Анастасия Тюрина катышат.

Тажикстандын олимпиада курамасына 23 киши кирди. Алар 20-июлда эрте менен Дүйшөмбү - Стамбул - Токио багыты боюнча учуп кетти.

Тажикстандык спортчулар 1996-жылдан бери Олимпиада оюндарына катышып келе жатат. Жалпысынан жайкы Олимп оюндарынан төрт медал (бир алтын, бир күмүш, эки коло медал) утушкан.

Түркмөнстанда оор атлеттер көп

Түркмөнстандын курама командасы
Түркмөнстандын курама командасы

Түрмөнстандын улуттук олимпиада комитети XXXII жайкы олимпиада оюндарына Токиого тогуз спортчусун жиберди. Алар:

1) Гулбадам Бабамуратова - дзюдо боюнча (52 кг.)
2) Ходжамухаммед Тойчиев – оор атлетика (+109 кг)
3) Овез Овезов - оор атлетика (109 кг. чейин)
4) Реджепбай Реджепов – оор атлетика (81 кг)
5) Полина Гурьева – оор атлетика (59 кг)
6) Кристина Шерметова – оор атлетика (55 кг)
7) Мерген Маммедов – жеңил атлетика
8) Дарья Семёнова – сууда сүзүү
9) Мердан Атаев – сууда сүзүү.

Түркмөнстандын спортчулары дагы Олимп оюндарына 1996-жылдан бери катышып келет. Азырынча бир дагы медал ута элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG