Ысык-Көл: пансионаттагы өлүмдүн себеби иликтене баштады

Бостери айылы. Окуя болгон жер.

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатында катталган адам өлүмүнө байланыштуу райондук милиция сотко чейинки териштирүү ишин башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 27-июлда болгон.

Көлдөн пансионаттын аквопаркына суу толтурулуп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк 18 жаштагы баланы сордуруп кеткен. Маркумдун сөөгүн куткаруучулар барып, түтүктү кескенде гана алып чыга алышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылган бала көлгө кесиптештери менен эс алуу үчүн Бишкектен барган. (KS)

Дагы караңыз Ысык-Көл: аквапарктагы үрөй учурган кырсык

Дагы караңыз

Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салдыКербен шаарынын мэрин шайлоого төртүнчү жолу мүмкүнчүлүк берүү каралуудаАКШ Өзбекстанга үч миллион доза Moderna вакцинасын бердиАткезчиликке каршы уюшулган элдик кошуундун мүчөлөрү суракка чакырылды