БШК “Биздин Кыргызстан” боюнча Жогорку сотко кайрылды

Боршайком имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, экинчи орунга чыккан “Биздин Кыргызстан” саясий партиясына байланыштуу 29-июлда Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Ош шаарынын Аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, БШКга бекитүүгө жөнөткөн. Ага ылайык, мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлмөк: “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4.

26-июлда БШК "Биздин Кыргызстан" добуш сатып алууга аралашканын билдирип, анын алган добуштарын жараксыз деп тапкан жана тизмеден чыгарган.

Бишкектин административдик соту БШКнын бул чечимин жокко чыгарган. (RK)

Дагы караңыз

Парламент маалымат мыйзамын кабыл алууда эреже бузулбаганын билдирди30-июлдун аба ырайыБаткендеги чек ара жаңжалында кыйраган 60 үй курулуп бүттүКазакстанда бир суткада коронавирустан 97 киши көз жумду