Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова алтын байге үчүн күрөшөт

Айсулуу Тыныбекова

Токио Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалга чыкты. Ал мындай мүмкүнчүлүккө жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп ээ болду. Финалда жапониялык Юкако Каваи менен күрөшөт. Беттеш бир күндөн кийин, 4-августта болот.

Тыныбекова биринчи айлампада төрт упай алып алдыга чыккан. 2-айлампада дагы алты упай алып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңишти камсыздады.

Тыныбекова ага чейин эки беттеш өткөргөн. Алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту.

Дагы караңыз "Убадамды аткарам": Айсулуу умтулган бийиктик

Ушул күнү грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмакта Атабек Азизбеков мелдешти баштап, венгриялык Виктор Лоринске 1:6 эсебинде утулуп калды. Эгер Виктор Лоринс финалга чыкса, Атабек Азизбеков коло байге үчүн жооткотуучу беттеште күчүн сынайт.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жооткотуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңди. Эми ал коло байге үчүн монголиялык Батцецег Соронзонболд менен күрөшөт. Дагы бир балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жооткотуучу мелдеште финляндиялык Арви Мартин Совалайненге жеңилди.
3-августта балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда алтын медал үчүн күрөшөт. Анын атаандашы - венгриялык Таман Лоринц.

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков да ушул күнү 5000 метр аралыкка чуркайт.

Кыргызстандан Токио Олимпиадасына 16 спортчу аттанган. Мамлекет алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда расмий ачылган Олимп-2020 мелдештери 8-августта жыйынтыкталат.

Дагы караңыз

Сырттан ташылган мал үчүн алгачкы карантиндик бекеттер ачылды"Кумтөр иши" боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев кармалдыДарыгерлердин айлыгын жогорулатууга бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүндү Ала-Тоо аянтында кыргызстандык балбандардын күрөшү көрсөтүлөт