Таалайбек Нуралиев 2-октябрга чейин камалды

Иллюстрациялык сүрөт

Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев 2-октябрга чейин камалды. Анын баш коргоо чарасы 4-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Ал "абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошоткон, соттолгондордун шарттарын жумшартууда туруктуу коррупциялык схема уюштурган" деп айыпталууда.

Нуралиевди Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2-августта кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизген. (SE)

Дагы караңыз

"Мекендештерим менден алтын күткөн"Түркия: өрт чалган аймактардын жашоочулары жардамга муктаж Жол эрежесин бузгандарга салынчу айыппул азайтылатБеларус спортчулары өлкөгө кирүүдөн чочулашуудаТокио-2020: балбан Айаал Лазарев 5-августта беттешке чыгат