Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Беларус спортчулары өлкөгө кирүүдөн чочулашууда


Яна Максимова жубайы Кравченко менен чогуу Германияда калганын жарыялады.
Яна Максимова жубайы Кравченко менен чогуу Германияда калганын жарыялады.

Беларус атлетчиси Яна Максимова менен жолдошу Андрей Кравченко Беларуста куугунтук уланып жатканына байланыштуу Германияда калууну чечишкенин билдирди. Бул тууралууу Максимова 3-августта «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.

Ал эми «Наша Нива» басылмасы 3-августта «Телеграм» каналына «Витязь» гандбол клубунун машыктыруучусу Константин Яковлев Минскиден Украинага чыгып кеткенин жазды. Яковлев бир ай мурда өкмөткө каршы уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн 15 сутка камалып чыккан.

Андрей Краученко 2008-жылы Бээжиндеги Олимп оюндарында күмүш медаль алган.

Алардын бул билдирүүсү Кристина Тимановская Минскиге кайтуудан баш тартып, ал эми Киевде беларус оппозициячыл активистинин сөөгү табылган маалга туш келди.

26 жаштагы Виталий Шишовдун сөөгү 3-августта паркта асылган абалында табылган. Анын досторунун айтымында, активисттин бети-башында ур-токмоктун издери калганын айтышууда.

Ал эми беларус жөө күлүгү Кристина Тимановская Токиодон Венага учуп кетти. Олимп оюндарына катышып жаткан спортчу бийликтин куугунтуктоосунан кооптонуп эки күн мурда Минскиге кайтуудан баш тарткан эле. Тимановскаяга Польша саясий башпаанек берип, гуманитардык виза бергенине байланыштуу, ал андан ары Варшавага учары күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG