Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Беларуста оппозиция өкүлдөрүнүн соту жабык өтүүдө


Минск. Беларус оппозициясынын өкүлдөрү Мария Колесникова менен Максим Знак сотто. 4-август, 2021-жыл.
Минск. Беларус оппозициясынын өкүлдөрү Мария Колесникова менен Максим Знак сотто. 4-август, 2021-жыл.

Минскиде облустук сот президенттикке талапкер болгон саясатчы, камактагы Виктор Бабариконун тарапташтары жана Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знактын ишин жабык тартипте карады.

Бул сот жараянына байкоо салууну каалагандар турсун, айыпкерлердин жакындары дагы киргизилген эмес. Сотко Мариянын атасы Александр Колесников гүл көтөрүп келип, бирок ичкери кирип, кызы менен көрүшүүгө уруксат ала алган жок. Ал адвокат аркылуу кызына гүлүн тапшырып, өзү сыртта турду. Адвокат сот жараяны маалында Марияга гүлдү бере албастыгын, бирок сөзсүз ага атасынын белегин көргөзөрүн убада кылды.

"Албетте, албетте, сотто өз колуна тапшырып бере албасаңыз дагы, мына ошонун өзү жетиштүү болот" - деди Мариянын атасы Александр Колесников.

Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знак былтыркы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун режимине карата жарандык каршылык көрсөтүү акцияларынын уюштуруучулары катары камалган.

Беларус бийлиги аларга экстремисттик топторду түзгөн, мамлекеттик бийликти басып алууга даярданган жана баш аламандык уюштуруу сыяктуу кылмыш беренелеринин негизинде кылмыш ишин ачып, айып таккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG