Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Жеңиш Молдокматовдун абалы начарлап баратканы кабарланды


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Дээрлик он күндөн бери камакта ачкачылык кармап отурган саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун абалы начарлап баратат. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Эрлан Бекчороев "Азаттыкка" билдирип, сыртта дарыгерге көрсөтүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты.

4-августта Молдокматов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулду. Ушул күнү омбудсмен Токон Мамытов ага жолугуп чыкты. Акыйкатчы байкоолору жөнүндө кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Мурдараак Акыйкатчы институту Молдокматовдун ден соолугу начарлап баратканын, тиешелүү медициналык кароодон сөзсүз өтүшү керектигин маалымдаган.

Жеңиш Молдокматов 26-июлдан баштап кургак ачкачылык жарыялаган. Аны Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап, президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер Молдокматовду ачкачылыкты токтотууга чакырууда. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы анын жагдайына байланыштуу азырынча комментарий бере элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG