Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Беларус: Колесникованын соту, спортчунун каршылыгы


Беларустагы оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесникова сотто. Минск, 4-август, 2021-жыл.
Беларустагы оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесникова сотто. Минск, 4-август, 2021-жыл.

Беларуста оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесникованын соту башталды. Ал арада Токиодогу Олимпиадага катышып жаткан спортчу Кристина Тимановская Беларуска кайтуудан баш тартып, Венага учту. Ал андан ары Польшага барары күтүлүп жатат. Бул окуядан кийин спортко катыштыгы бар адамдар да Беларустан чыгып кетишкени маалым болду.

Мария Колесникованын соту

Беларуста оппозиция лидерлери Мария Колесникова менен Максим Знактын соту 4-августта башталды. Алар «улуттук коопсуздукка доо келтире турган аракеттерге чакырык жасашкан, бийликти басып алуу үчүн кутум уюштурууга аракет кылышкан, экстремисттик уюмду түзүп, жетектеген» деп айыпталып жатышат. Эгер Колесникова күнөөлүү деп табылса 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Сот жабык өтүп жатат. Колесникова менен Знак өзүлөрүнө тагылган айыптарды «саясий мүдөөсү» бар деп сыпаттап, моюнга алуудан баш тартып жатышат. Ал эми Кошмо Штаттар айыптоолорду «ойлонуп табылган» деп мүнөздөгөн.

Музыкант Мария Колесникова 2020-жылга чейин саясаттан алыс болуп, оркестрда ойноп келген. Соңку жылдары негизинен Германияда жашачу. Былтыр анын досу, банкир Виктор Бабарико президенттикке ат салышууну көздөп, штабын жетектеп берүүнү сунуштаган. Бабарико камалгандан кийин Колесникова жана дагы бир саясатчынын жубайы Вероника Цепкало экөө шайлоого катышууга уруксат берилген жалгыз оппозициячыл талапкер Светлана Тихановскаянын штабына кошулуп, аны алдыга сүрөшкөн.

Вероника Цепкало, Светлана Тихановская жана Мария Колесникова. Минск, 20-июль, 2020-жыл.
Вероника Цепкало, Светлана Тихановская жана Мария Колесникова. Минск, 20-июль, 2020-жыл.

9-августта өткөн шайлоодо Александр Лукашенконун жеңиши жарыялангандан кийин Беларуста буга чейин болуп көрбөгөндөй ири масштабдагы демонстрациялар тутанган. Каршылык акциясына чыккан түмөндөгөн адамдар Лукашенконун жеңишин таануудан баш тартышып, анын бийликтен кетишин талап кылышкан. Миңдеген беларустуктар, анын ичинде акцияларды чагылдырып жүргөн ондогон журналисттер камалды. Жүздөгөн жарандар коопсуздук күчтөрүнүн ур-токмогуна кабылып, нече демонстрант көз жумган. Тихановская добуш берүүдөн көп өтпөй коопсуздугуна байланыштуу Литвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Ал эми Колесникованы 2020-жылдын 7-сентябрында Минсктин борборунда белгисиз беткапчан адамдар кармап кетишкен. Эртеси күнү аны украин чек арасынан өткөрүүгө аракет кылышкан. Чек арадан ары чыгарып жиберерде, Колесникова каршылык көрсөтүп паспортун тытып салган. Аны кайра Минскиге алып келип, түрмөгө камашкан. Анын үзөңгүлөшү, юрист Максим Знак дагы былтыр сентябрда кармалган.

Лукашенко добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын четке кагып, кызматтан кетүү жана жаңы шайлоо өткөрүү тууралуу оппозиция менен сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

Евробиримдик, Кошмо Штаттар, Канада жана башка бир катар мамлекеттер Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери катары таануудан баш тартып, ага жана беларус жогорку даражалуу жетекчилерине каршы добуш берүүнүн жыйынтыгын «бурмалашканы» жана шайлоодон кийинки куугунтуктоолор үчүн санкция киргизишкен.

Жөө күлүк Тимановская Венага учту

Ал арада беларус жөө күлүгү Кристина Тимановская Токиодон Венага учуп кетти. Олимп оюндарына катышып жаткан спортчу бийликтин куугунтуктоосунан кооптонуп эки күн мурда Минскиге кайтуудан баш тарткан эле. Тимановскаяга Польша гуманитардык виза бергенине байланыштуу, ал андан ары Варшавага учары күтүлүп жатат.

Мурдараак АP агенттигине курган маегинде спортчу «ага команданын расмий өкүлдөрү үйүнө кайтары менен жазаланарын» ишара кылышканын айткан.

Олимпиададагы беларус делегациясынын башчысы Дмитрий Даухалионак комментарий берүүдөн баш тартууда. Ал эми Беларустун Олимпиада комитети кырдаалга тыкыр көз салып, Эл аралык олимпиада комитети менен кызматташып жатканын мамлекеттик маалымат агенттигине билдирген. Эл аралык уюм Тимановскаянын окуясын иликтеп баштаганын маалымдаган.

Беларус спортчусу Кристина Тимановская Токио аэропортунда. 4-август, 2021-жыл.
Беларус спортчусу Кристина Тимановская Токио аэропортунда. 4-август, 2021-жыл.

4-августта Эл аралык олимпиада комитети Тимановскаяны Олимп оюндарынан четтетүүгө байланышы бар деп шектелген беларус командасынын эки расмий өкүлүн суракка аларын билдирди. Уюмдун өкүлү Марк Адамс бул спортчунун айланасындагы окуяларды териштирүү үчүн ачылган иштин бир бөлүгү экенин кабарлады.

Тимановскаянын айтымында, анын машыктыруучулары буга чейин эч качан катышпаган мелдеште жеңиш үчүн ат салышарын айтышкан. Спортчу бул кадамды социалдык тармактарында сынга алган. Жөө күлүк кандайдыр бир жол менен үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүнү пландаган деген сөздөрдү четке какты.

«Азыр болуп жаткан окуялардын баары менин планымда жок болчу», - деди Тимановская AP агенттигине. Анын күйөөсү Арсен Зданевич да Беларустан Украинага чыгып кеткени маалым болду. Ал мындай кадамга аялынын чечиминен кийин барганын билдирди. Тимановская өз көйгөйүн Беларустагы саясий окуяларга байланыштыргысы келбейт.

«Мен саясатка аралашкым келбейт. Мен үчүн карьерам, спорт маанилүү. Өзүмдүн келечегим жана карьерамдын келечеги тууралуу гана ойлоном», - деген Тимановская улуттук курама командадан чыгарылышы мүмкүн экенин, бирок ал үчүн азыркы учурда өз коопсуздугу биринчи орунда экенин кошумчалады.

Беларус спортчулары Минсктен качып жатышат

Беларус атлетчиси Яна Максимова дагы жолдошу Андрей Краученко экөө Беларустагы куугунтуктоолор уланып жатканына байланыштуу Германияда калууну чечишкенин билдирди. Бул тууралууу Максимова 3-августта «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.

Андрей Краученко 2008-жылы Бээжиндеги Олимп оюндарында күмүш медал алган.

Алардын бул билдирүүсү Тимановская Минскке кайтуудан баш тартып, ал эми Киевде беларус оппозициячыл активистинин сөөгү табылган маалга туш келди.

26 жаштагы Виталий Шишовдун сөөгү 3-августта паркта асылган абалында табылган. Анын досторунун айтымында, активисттин бети-башында ур-токмоктун издери калганын айтышууда.

Ал маалда «Наша Нива» басылмасы 3-августта «Телеграм» каналына «Витязь» гандбол клубунун машыктыруучусу Константин Яковлев Минсктен Украинага чыгып кеткенин жазды. Яковлев бир айда мурда өкмөткө каршы уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн 15 сутка камалып чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG