Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:38

Өзбекстан: президенттикке биринчи талапкердин аты аталды


Өзбекстандын экологиялык партиясы быйыл октябрь айында өтө турган президенттик шайлоого өзүнүн талапкерин көрсөттү. Бул партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Нарзулла Обломуродовдун талапкерлигин партиянын борбордук кеңеши 4-августагы кезексиз жыйынында бекитти.

Жыйында экологиялык коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын этият пайдаланып, калктын жашоо-турмушун жогорулатуу сыяктуу маселелер партиянын платформасы катары белгиленди.

Өзбекстандын экологиялык партиясы биринчи жолу өз талапкерин президенттикке көрсөттү. Эми анын талапкерин каттоо үчүн партия мыйзам боюнча шайлоочулардын бир пайызынын колун чогултууга милдеттүү.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрга дайындалган. Мыйзам боюнча президенттикке талапкерлерди саясий партиялар көрсөтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG