Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Жол эрежесин бузгандарга салынчу айыппул азайтылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдарды азайтуу жөнүндө мыйзамга 4-августта кол койду. Өкмөт демилге кылган мыйзамды 30-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Документке мотошлем, коопсуздук курун колдонбогондор, белгиленген ылдамдыкты 20 километрге чейин ашыргандар, жол белгилеринин талаптарын, унаа токтотуу шартын аткарбагандар, аралыкты сактабагандар өңдүү эреже бузуулар камтылып, айыппул 1000 сом деп каралган.

Айдоочулар токтомду алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде айыптын өлчөмүн 70 пайызга азайтып төлөйт. Бул сумма 300 сомду түзөт.

Буга чейинки эрежеге ылайык, 1000 сом айыппулду 15 күн аралагында төксө, анын 50% кыскартылып келген.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда алты миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон.

Быйыл алты айда 3400дөй жол кырсыгы катталып, 329 киши көз жумду.

Ички иштер министрлиги авариянын 80% айдоочулар күнөөлүү экенин билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG