Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

ИИМ: Жол кырсыктарынын 80 пайызына айдоочулар өзүлөрү себепкер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жол кырсыктарынын 80 пайызына айдоочулар өзүлөрү себепкер болушат. Бул тууралуу 3-августта Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеме кырсыкка айдоочулар мас абалда рулга отурганы биринчи жана негизги себеп экенин белгилеп, экинчиден, машинаны катуу ылдамдыкта айдоо да опурталдуу экенин эскертти. Үчүнчү себеп катары айдоочунун окуусун окубагандар, тийиштүү тажрыйба албагандар экени белгиленди. Дагы негизги себептер катары айдоочу жолго чарчаган абалда чыгып алганы, машиналар ортосундагы аралык сакталбаганы айтылды.

Быйыл алты айда Кыргызстанда 3400дөй жол кырсыгы катталып, 329 киши каза болду. Адистер тынч заманда ушунча кишинин өмүр менен кош айтышып жатканы камтама кыларын, мындай трагедияларга жол эрежелерин бузуу, айдоочулардын маданиятынын жоктугу, автомектептердин начар сапаты алып келип жатканын айтышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG