Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Монополияга каршы агенттик: Жакында өсүмдүк майы жана кант арзандайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакынкы арада Кыргызстанда өсүмдүк майынын жана канттын баасы төмөндөйт. Бул тууралуу 3-августта «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Сагындык Маматоморов билдирди.

Анын айтымында, август айынын соңуна чейин Кыргызстанга кошумча нарк салыгы салынбаган 40 миң тонна кант ташылып келгени жатат. Ал эми өсүмдүк майынын арзандоосуна Кыргызстанга бул азыкты импортточу Орусияда быйыл күн караманын түшүмү былтыркыга салыштырганда жакшыраак болгону мүмкүнчүлүк берери айтылды.

Кыргызстанда соңку эки жылдан бери азык-түлүк жана башка продукция кыйла кымбаттады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG