"Акаев бийликтин өтүнүчүн аткарып жатышы ыктымал"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Жогорку Кеңештин “Центерраны” түзүүгө каршы үч жолку чечимин четке кагуу президенттин гана колунан келмек”. Мындай пикирин “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов мурдагы президент Аскар Акаевдин “Кумтөр иши” боюнча жасаган акыркы билдирүүлөрүнө байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. 2005-жылы март ыңкылабында Кыргызстандан чыгып кеткен Акаевдин Кыргызстанга келиши - өткөн аптанын башкы окуясы болду.