Улуттук борбор Сүлүктүдөгү оорукана боюнча прокуратурага экинчи ирет кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Баткендин Сүлүктүдөгү улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн ооруканадагы мыйзам бузуулар туураалуу экинчи ирет прокуратурага кайрылды.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү алгач июнь айында аталган ооруканада текшерүү жүргүзүп, ашпозчулардын, кызматкерлердин санитардык китепчелерине мөөр басылбаганы, муздаткычта чийки жана даяр тамактардын аралаш сакталганы, тийиштүү дары-дармектердин жоктугу, айрым түрлөрүнүн мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталганын кабарлаган. Улуттук борбор тийиштүү акт түзүп, проркуратурага кайрылган.

25-августта Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор кайрадан текшерүү жүргүзүп, абал өзгөрбөгөнүгө байланыштуу экинчи ирет Сүлүктү прокуратурасына кайрылды. Учурда Сүлүктү ооруканасы жана прокуратурасы менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. (TSh)

Дагы караңыз

Нью-Йорктогу сотко Кумтөр боюнча кошумча өтүнүч келтирилдиЖалал-Абад шаарында жол кире кымбаттадыКытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акцияга 200 күн болду