Коопсуздук кеңеши жергиликтүү бийликтеги коррупцияны аныктоого киришти

Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияны аныктоого киришти. Учурда катчылыктын эксперттик тобу Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, ошондой эле муниципалдык мүлк башкармалыгынын ишмердигин иликтеп жатат.

Жыйынтыгында аталган башкармалыктардын ишиндеги коррупцияны жоюу боюнча план иштелип, Бишкек шаардык мэриясына жөнөтүлөт.

Президенттин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, ушундай эле текшерүүлөр сентябрь айында Ош шаардык мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу айып менен ондон ашык адам кармалган. Арасында мурунку өкмөт башчы, депутат жана башка аткаминерлер бар. Айрымдары мамлекетке келтирген делген зыянды төлөп, үй камагына чыгышса, кээ бирлери Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында.

Атайын кызмат жыл башынан бери коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 6 миллиард сомдой каражат өндүргөнүн кабарлаган. Аны мыйзамсыз баюуга жана жемкорлукка айыпталган ондогон аткаминерлер төлөп бергени айтылган. Коомчулукта коррупцияга байланыштуу кармалгандардвн айыппул менен бошоп кетип жатканын сындагандар да бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Ноябрга белгиленген шайлоо, саясий күчтөрдүн абалы жана дымагы Казакстан Жамбылдагы жарылуудан курман болгондорго аза күтүп жатат Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди  Бишкекте "Ынтымак" паркынын экинчи бөлүгү ачылдыКоронавирус дагы 213 кишиден аныкталып, беш бейтап  көз жумду Чек ара: Максатта үйлөр бүттү, көйгөй калдыДашковдун ооруканага которулушунан улам УКМКнын кызматкерлери иштен четтетилди