Президент Таласта Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатка катышат

"Манас Ордо" улуттук этнографиялык комплексинин жалпы көрүнүшү. Талас облусу. (архивдик сүрөт).

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бүгүн кечинде "Манас Ордо" улуттук комплексинде өтүүчү Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган театрлаштырылган иш-чарага катышат.

"Урааным Манас!" деп аталган маданий иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

Кыргызстандын Эгемендик майрамы 31-августта белгиленет. Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган чоң салтанат ал күнү Бишкек шаарында мамлекет башчынын катышуусунда өтөт. (ZKo)

Дагы караңыз

Ноябрга белгиленген шайлоо, саясий күчтөрдүн абалы жана дымагы АКШ, Британия жана башка өлкөлөр Кабулдан күчтөрдү чыгарууну улантуудаКоопсуздук кеңеши жергиликтүү бийликтеги коррупцияны аныктоого кириштиҮч милиция кызматкери кесиптешинин ок атканын жашырган деген шек менен кармалдыКазакстан Жамбылдагы жарылуудан курман болгондорго аза күтүп жатат Бишкекте "Ынтымак" паркынын экинчи бөлүгү ачылдыКоронавирус дагы 213 кишиден аныкталып, беш бейтап  көз жумду