Ошто көкбөрү мелдешинде "Кара-Кулжа" командасы биринчи болду

Төлөйкөн айылындагы ат майданы. 31-август, 2021-жыл.

31-август күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көкбөрү мелдешинде "Кара-Кулжа" командасы биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Ош шаарындагы Төлөйкөн айылындагы ат майданда улуттук ат оюндары боюнча республикалык деңгээлде жана көкбөрү боюнча түштүк аймагындагы командалар арасында президенттин кубогу өткөрүлдү. Байге фонду 370 миң сомду түзгөн оюнга 12 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду "Кара-Кулжа", 2-орунду Өзгөн районунун “Көлдүк” командасы, 3-орунду Токтогул районунан келген команда алды.

Ошондой эле “Кунан чабыш”, “Жорго салыш”, “Ат чабыш” жана “Тай Жарыш” мелдештери өттү. Ар бир багыт боюнча жеңүүчүлөргө авто унаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада Талас облусунун "Ынтымак" командасы жеңүүчү болду. (DU)

Дагы караңыз

Эгемендикке 30 жылЭгемендик-30: чакырыктар жана коркунучтарОрусия: Математик Мифтахов түрмөдө укугу бузулуп жатканына даттандыЖамбылдагы жарылуудан кийин коргоо министри кызматтан кеттиАКШ аскерлери Ооганстандан кетти