ЖАМК Жалал-Абаддагы тергөө изоляторун текшерет

Абактын темир тору, иллюстрациялык сүрөт.

№53 тергөө изоляторундагы адам укугунун бузулушу жана тазалык боюнча кайрылуудан кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилиги, жооптуу инспекторлор 6-сентябрда Жалал-Абад шаарына кетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" ЖАМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү тергөө изоляторунда кармалгандардын укугу бузулуп, айрым аялдар сексуалдык ыдык көргөнүн маалымдаган.

Ошондой эле, изолятордун ашканасында тазалык сакталбай, камактагыларга бөлүнгөн тамак-аштын нормасы талапка жооп бербегени аныкталган.

Улуттук борбордун облустагы өкүлчүлүгү укук бузуу фактыларына байланыштуу ЖАМКтын кызматкерлери жана ички иштер органдарынын ишин оңдоо талабы менен прокуратурага кайрылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. (BCh)

Дагы караңыз

Түркиянын белгилүү актрисасы Мерием Үзерли Бишкекке келдиКоронавирус жуктурган 326 бейтаптын абалы оорГвинеяда мамлекеттик төңкөрүш аракети болдуАхмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүгө макул болдуПанжшерде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат